• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мектепке электрондук кабыл алуу. Кандай учурда система документтерди кабыл албашы мүмкүн?

Билим 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 8-апрелден тарта мектептерде балдарды электрондук каттоо башталат. Билим берүү жана илим министрлиги УТРКнын түз эфиринде система кайсы учурларда документтерди кабыл албай турганын билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршебай уулунун айтымында, система төмөнкү учурларда балдардын документтерин кабыл албайт:
1.Бала беш жашта болсо;
2.Бала сегиз жашта болсо;
3.Бала башка өлкөдө төрөлгөн жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк ошол өлкөдө алынган болсо.

Мындай учурларда ата-энелер калкты тейлөө борборлоруна барып, баласынын жеке идентификациялык номерин алып, каттоодон өтүшү керек.

"Мектептерге электрондук кабыл алуу апрель айында башталып, сентябрга чейин уланат. Эгер каттоо учурунда балаңыз беш жашта болсо, бирок жылдын аягына чейин ал алты жашка чыкса, анда сиз катталсаңыз болот, анткени система алты айга кечигүү менен эсептейт. Башкача айтканда, эгер балаңыз сентябрда алты жашка чыкса, анда сизге толугу менен катталууга болот, анткени система документтерди кабыл алат", - деди ал.

Нурлан Шаршебай уулу белгилегендей, 8 жашка чыккан балдар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн окуу комиссияларына кайрылып, жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алынса болот.

Пикир

Оставить комментарий