• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий диалогду күчөтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, өлкөгө инвестиция тартуу сындуу бир нече маселелерге токтолду.

“Кыргызстан америкалык инвесторлорду тартууну күчөтүүгө кызыкдар, айрыкча Өнүгүү боюнча каржылоо корпорациясы жана USAID аркылуу. Биз жашыл экономика, креативдүү индустрия жана IT тармагындагы биргелешкен долбоорлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз, бул тармактар өлкөдө тез өнүгүп жатат. Түз инвестиция тартуу Кыргызстан үчүн маанилүү", - деген ал Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңеш бар экенин кошумчалады.

Бизнес мамилелерди өнүктүрүү боюнча сөз улаган АКШ элчиси Лесли Вигери Кыргызстанда бир нече америкалык ири компаниялар иш алып барып жатканын белгилеп, андан тышкары IT тармагы, гидростанцияларды куруу, айыл-чарбасы боюнча кызматташууга алар кызыктар экенин билдирди.

Баарлашууда төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Кыргызстан үчүн, ошондой эле башка бажы преференцияларды алган өлкөлөр үчүн ВСП статусун узартуу чечилбей жатканын көтөрүп, бул маселе АКШ Конгрессинен оң жагына чечүүнү жеткирүүнү өтүндү. Аны менен катар визалардын мөөнөтүн 10 жылга узартуу тууралуу паритеттик негизде кабыл алынган чечими үчүн ыраазычылык билдирип, студенттик визанын мөөнөтүн да узартуу, Кыргызстанды H-2 жумушчу визаларын ала турган өлкөлөрдүн тизмесине кошуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштады.

Мындан тышкары, АКШга Кыргызстандан баргандардын саны өсүп жатканын эске алып, түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий