Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Вашингтонго болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын жана АКШнын алдыңкы авиациялык компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Мекемеден маалымдашкандай, алгач Данияр Бостонов АКШдагы аба кыймылын тейлөө уюму (Air Traffic Organization - ATO) менен жолугушууда “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын авиадиспетчерлери, агенттиктин инспектордук курамы үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карады.
Анда тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кыргызстанга дүйнөлүк тажрыйбаларды киргизүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдиришти.
Ошондой эле иш сапардын алкагында агенттиктин директору Boeing компаниясынын жетекчилиги менен учуу коопсуздугун жакшыртуу боюнча кызматташууну, Кыргызстандын жеке авиакомпанияларын Boeing учактары менен жаңылоо маселелери тууралуу маектешти.
Ал эми Mark Comm LLC компаниясынын негиздөөчүлөрү Борис Рыбак жана Ольга Рыбак менен жолугушууда дүйнө жүзүндөгү жүк ташуучу компаниялардын катышуусу менен эл аралык авиация форумун өткөрүү долбоору талкууланды. Демилге оң бааланып, ишке ашыруу келечеги аныкталды.
Мындан тышкары ЖАМАнын директору White & Case LLP компаниясынын өнөктөшү Мэтью Дроссос жана Cargo Airline Association уюмунун аткаруучу директору Женнифер Тибодо менен АКШнын жүк ташуучу авиакомпаниялары аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
Агенттиктен белгилешкендей, Данияр Бостоновдун Вашингтонго болгон иш сапары жарандык авиация тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү кадам болду.
Андагы жетишилген макулдашуулар Кыргызстандын учуу коопсуздугун жакшыртууга жана авиация тармагын эл аралык аренада өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Пикир
Оставить комментарий