• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Албаниянын Европа жана тышкы иштер министри Игли Хасани менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.

Министр Кулубаев Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы саясий диалогду улантуунун жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Эки тараптуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте кыргыз тарап 2027-2028-жылдар аралыгындагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын министрлер кабинети менен Албаниянын министрлер кеңешинин ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий