• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Анголанын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Ангола Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу аземи өттү.

Кыргызстан ТИМнен билдиришкендей, биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Ангола Республикасынын тышкы байланыштар министри Тете Антонио кол коюшту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду күчөтүп, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу консультациялар жана сапарлар аркылуу көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн баштапкы этабында билим берүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туризм, коопсуздук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык негизги багыттар катары талкууланды.

Бул контекстте Жээнбек Кулубаев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлөрү катарына Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасына Африка Биримдигинде байкоочу макамын алуу боюнча Анголанын колдоосун суранды.

Ангола Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамиле орноткон 172-мамлекет болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий