• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

КР ТИМ орун басары Кытай элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 11.01.18. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылдагы кызматташуунун жыйынтыгы, эки өлкөдө өткөн ички саясий иш-чараларады, КР президенттик шайлоо жана КЭР 19 КПК Съездин талкуулашты.

Жолугушуу маалында тараптар 2018-жылдагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кытай тараптын демилгесинин алкагындагы “Бир алкак – бир жол” долбоорун ишке ашыруу, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча актуалдуу маселер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий