• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин башкы катчысы Николаус Маршик менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүү максатында Кыргызстан менен Австриянын кызматташтыгынын келишимдик-укуктук базасын чыңдоо маселеси боюнча ой бөлүшүштү. Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Макеев өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ушул жылдын 30-октябрында Вена шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын 9-жыйынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, башкы катчы Маршик Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча кыргыз тарабынын жогорудагы ниеттерин кубаттап, бул багытта биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Евробиримдиктин жана БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий