• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстан менен Азербайжандын жаштар иштери жана спорт жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Азербайжандын жаштар жана спорт министри Фарид Фазиль оглу Гаибов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын Азербайжанда өтүп жаткан Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.

Жолугушууда жаштар иштери жана спорт жаатында эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, аны ишке ашырууда жасала турган ишенимдүү кадамдар талкууланды.

Алтынбек Максутов эки өлкөнүн кызматташтыктагы маанилүү маданий-гуманитардык багыттарынын бири болуп саналган жаштар иштери жана спорт багытында жасалган иштерге токтолуп, ал мамилелердин активдешүүсү Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында жаш спортчулардын, өзгөчө спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрү боюнча өз ара катышуусун арттырып жатканын белгиледи.

Министр ошондой эле 2025-жылга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин спорттук борбору Гянжа шаарынын шайланышы менен куттуктап, кызматташууну бекемдөө максатында эки тараптуу Жол картасын иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапты.

Жолугушууда тараптар ошондой эле, жаштар иштери боюнча эки өлкөдө ишке ашып жаткан долбоорлор, жаштардын башын бириктирген ири эл аралык платформалар жана алдыда өтө турган иш чараларды концептулдык бөлүктөрү талкуулашып, бул багытта да тажрыйба алмашууну макулдашты.

Эске салсак, учурда Баку шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү өтүп жатат. Анын алгачкы иш-чарасы катары Кыргыз киносунун күндөрү башталды.

Пикир

Оставить комментарий