• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен БАЭнин соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани Бин Ахмед Аль Зейуди жана "Экономикалык шаарлар жана эркин зоналар" кластеринин башчысы Абдулла Аль Хамели менен жолугушуту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу 8-12-июлда Россиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ-2024 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын экономика министри эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, активдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.

Министр Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналаарын айтты. "Кыргызстан ар түрдүү тармактарда кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатканын жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө үмүттөнөт", - деди ал.

Өз кезегинде БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани Бин Ахмед Аль Зейуди Кыргызстан өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ жана инвестиция үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын белгиледи. "Келечектүү долбоорлорду карап чыгууга, аларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн тажрыйба жана технологиялар менен бөлүшүүгө даяр", - деди Тани Бин Ахмед Аль Зейуди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жана инвестициялар жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечегин, экономиканын ар кыл тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде товар жүгүртүүнү кеңейтүү, БАЭнан инвестицияларды КР экономикасына тартуу жана инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында диалогду улантуу жана конкреттүү демилгелерди жана долбоорлорду иштеп чыгуу макулдашылды.

Белгиленгендей, жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий