• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Беларустун медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы эчиси Эрбол Султанбаев Беларустун саламаттык сактоо министри Александр Ходжаев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар органдарды трансплантациялоо, балдардын онкологиясын алдын алуу жана дарылоо, тажрыйба алмашуу жана медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бул багыттар боюнча болгон эки тараптуу келишимдерди жаңылоо жана жаңы келишимдерди түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий