• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Черногория дипкызматкерлерин визалык талаптардан бошотот

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Черногориянын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Эрвин Ибрахимович менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы абал, өлкөнүн ички жана эл аралык саясатындагы приоритеттүү багыттар, айрыкча климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, коопсуздук жана транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча маалымат берди.

Эрвин Ибрахимович Черногорияда энергетика жана тоолуу аймактарда туризмди өнүктүрүү боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берип, бул долбоорлор эки тоолуу өлкөнүн мындан аркы мамилелерин өнүктүрүүдө үлгү боло аларын белгиледи.

Тараптар саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешип, саясий консультациялар өткөрүү жана жогорку деңгээлдеги визиттер алмашуу боюнча пландарды талкуулашты.

Ошондой эле тышкы иштер министрлери БУУну кошкондо эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташтыкты улантуу, анын ичинде Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, бул эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө оң салым кошору белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий