• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстан менен Эл аралык миграция уюмунун ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) жаңы субрегионалдык өкүлү Серхан Актопрак менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Асеин Исаев Серхан Актопракты миссиянын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле Асеин Исаев чет өлкөлөрдө иштеп жаткан Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоону камсыз кылуу боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров "Коопсуз, тартиптүү жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" жарлыкка кол койгону белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЭМУнун Кыргызстан менен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор, анын ичинде Борбор Азиядагы эл аралык миграциядагы өкмөттөр аралык консультативдик механизм - "Алматы процесси" алкагында жаңы долбоорлор талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен ЭМУнун ортосундагы мындан аркы тыгыз кызматташууну улантууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий