Президент Садыр Жапаров 24-июнда Бельгиянын борбору Брюссель шаарына иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын борту Бишкек менен Брюсселдин ортосундагы 5228 чакырымды учуп өтүп, шаардын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды. Бул сапардын алкагында президент эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, биргелешкен документтерге кол коюлары күтүлүп жатты.
Садыр Жапаров 25-июнда падыша Филипп менен бетме-бет жолугушуп, Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анткени Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери жана мындан аркы келечектүү багыттары эки жакка тең маанилүү.
Ушул эле күнү президент тар жана кеңири курамда Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен кезикти. Алар мындай жагдайда биринчи ирет жолугуп жаткан жери жок. Садыр Жапаров менен Шарль Мишель Кыргызстанда былтыр июнь айында жолугушкан болчу. Тараптар бул ирет кеңири чөйрөдө өз ара эки жактуу кызматташууну алдыга жылдырууну талкуулашып, соода-экономикалык алаканы, инвестиция, энергетика, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Европа кеңешинин президенти Кыргызстан менен энергетика, экологиялык таза технологиялар, транспорт жана башка келечектүү багыттар боюнча кызматташуунун белгиледи. Өз кезегинде Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Европа биримдиги кызматташтыгынын жаңы тепкичинин тарыхый босогосунда турарын билдирди. Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу бир гана Европа биримдиги эмес, бардык 27 мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлуп жаткандыгы, анын маанилүүлүгүн белгилеп турарын айтты.
Ошондой эле мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөргө ээ болгон Кыргызстанга да таасир этип жатканын белгиледи. Ал жакында Австриянын Вена шаарында Дүйнөлүк банк менен биргеликте Кыргызстандын эң ири долбоорлорунун бири болуп эсептелген Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна атайын донорлордун платформасы түзүлгөнүн айтты. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Европа биримдигинин “Глобалдык дарбаза” аттуу стратегиясын эске алуу менен ушул ири долбоорду курууга кошулууну сунуштады.
Эске салсак, 2006-жылы Кыргызстан авиакомпаниялары учуу коопсуздугу жаатындагы дал келбөөлөрдөн улам “Европа биримдигинин учуу коопсуздугунун тизмесине”, башкача айтканда, “тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесине” киргизилген.
Ошондон бери Кыргызстандын учактары Европа биримдигинин өлкөлөрүнө учуусун токтоткон. Акыркы эки жыл ичинде өлкөдө аэропорттор реконструкцияланып, Жалал-Абад шаарында жаңы аэропортту салуу пландаштырылууда.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат. 2023-жылдан баштап Еврокомиссиянын түзүмдөрү менен тыгыз иш алып барылууда жана талап кылынган документтердин баары берилди. Мындан улам мамлекет башчысы чечилбей келген транспорт жагдайы тууралуу да кеп козгоп өттү.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, инвестицияларды тартуу, тоо-кен өнөр жай биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, жашыл экономика, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Валдис Домбровскис экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышууга даяр экендигин белгиледи. Ал өлкөдөгү ири эки долбоорго, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна кызыкдарлыгын, алардын экономикалык потенциалын белгиледи.
Эми тараптарды кызыктырган жогорудагы маселелерди жүзөгө ашыруу боюнча иштери алдыга жылары шексиз. Дегенибиз Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Ал арада серепчилер Садыр Жапаровдун Брюсселге болгон эки күндүк иш сапары жемиштүү аяктаганын, эми алдыда бир катар долбоорлор боюнча кызматташуулар артарын белгилешүүдө. Экономика илимдеринин доктору Алмазбек Кадыралиевдин баамында, Кыргызстан менен Европа биримдигинин кенейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишими биздин өлкө үчүн жаңы жана кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат.
“Европа биримдигине кирген 27 мамлекет менен тыгыз иштөөгө жана келечекте инвестиция аркылуу экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө реалдуу шарттар түзүлмөкчү. Негизги фактор, бул Европа биримдигинин институттары Кыргызстан менен белгиленген маанилүү тармактарда, айталы, коопсуздук саясаты, кризисти башкаруу, тобокелдиктерди азайтуу, киберкоопсуздук, аймактык туруктуулук жана башка багыттарда активдүү бирге иш алып барууга даяр экени көрүнүп турат. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы саясаты жана эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына, ошондой эле эффективдүү көп тараптуулуктун негизинде тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого багытталганын белгилейт. Бул албетте, кызыкчылык туудурган маселелерде кызматташууларды арттырууга өбөлгө гана болуп берет”, - дейт Алмазбек Кадыралиев.
Саясат таануучу Игорь Шестаков да Кыргызстандын Бельгия жана Евробиримдик менен диалог түзүүсүнүн жыйынтыктарына саресеп салды. Анын пикиринде, Евробиримдик акыркы эки жылда Борбор Азия менен, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга көңүл бурууда жана кызыкдарлыгын билдирүүдө. Мындан улам Кыргызстандын ири стратегиялык ири долбоорлору региондо гана маанилүү болбостон, Европа мамлекеттеринин да кызыгуусун жаратпай койбойт.
“Акыркы эки жылда ЕБ Борбор Азияга С5+1 форматындагы саммиттин аянтчасында жана белгиленген сапарлары аркылуу кызматташууга көңүл бурганын айтсак болот. Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдө Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун жөн жерден тааныштырган жок. Мында Кыргызстан темир жолду транзит катары гана колдонбостон, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында экспорттук дараметин чыңдоого жол ача алат деп эсептесек жаңылышпайбыз. Анткени өлкөбүздүн экопродукциялары Европа рыногунда суроо-талаптарга ээ болуп жатат. Мындан улам экспорттун көлөмүн кеңейтүү тараптар үчүн мааниси чоң”, - деп белгиледи саясат таануучу.
Ошондой эле Игорь Шестаков сүйлөшүүлөрдө Евробиримдик менен жашыл экономика долбоорлору тууралуу талкуу болгонуна токтолуп, бул багытта инвестициялардын келишинин ыктымалдыгы жогору экендигин айтты.
“Кыргызстан бельгиялыктарды жашыл технологиялар багытына инвестиция салууга чакырды. Инвестициялык кызматташуу ошондой эле Евробиримдиктин жетекчилиги менен да талкууланды. Кыргызстан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен катар 2030-жылга карата парник газдарынын чыгарылышын 44% кыскартууну, ал эми 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу президент тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул маселеде да алдыга жылуулар бар десек жаңылышпайбыз”, - деди серепчи.
Дагы белгилеп кетүүчү жагдайлардын бири стратегиялык инвестициялык долбоорлор десек болчудай. Алардын баары биздин республикадагы гидроэнергетикалык жана суу ресурстарынын өнүгүүсү менен байланышып турат. Бул Борбор Азия үчүн маанилүү болуп жаткандыктан, европалык инвесторлордун кызыгуусун жаратпай койбойт. Андыктан Кыргызстан менен Европа биримдиги кызматташтыгынын жаңы тепкичинин тарыхый босогосунда туруусу алдыдагы иштерге өбөлгө гана түзөт.
Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий