• 89.43
  • 96.69
  • 0.97

Табият кырсыктарынын кесепетин жоюу жаатында каржылоо маселеси чечилди

Аналитика 0

2017-жылы Кыргызстанда техногендик жана табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын саны көп жылдык көрсөткүчтөрдөн ашып өттү. Көпчүлүк учурда, элди мындай кырсыктан сактап калуу үчүн, өкмөт чагылгандай тездик менен иш алпарып жатты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда, январь айынан май айына чейинки убакытта, Кыргызстанда 2 225 жолу ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаал түзүлүп, 100 кишинин өмүрүн алып кетти. Бул - өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч. Анткени, акыркы бир нече жыл ичинде мынчалык көп санда кырсык катталган эмес. 2016-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны бир жыл ичинде 35 ирет катталып, 10 киши каза тапкан.

2017-жылы Кыргызстанда кар көчкү, суу ташкыны жана жер көчкү болуп көрбөгөндөй күчөп, жер титирөөлөрдүн саны мындай кыска мөөнөттүн ичинде жүздөн ашып кетти. Табият кыйынчылыктарда кантээр экен, ал тургай, жакындарын жоготуп, үй-жайсыз калгандарга өз убагында жардам бере алаар бекен дегенсип, бийликтин күчүн сынап жаткандай сезилди.

Сооронбай Жээнбековдун министрлер кабинети үчүн мындай сыноо 2017-жыл башталаары менен келди. 16-январда түрк авиакомпаниясына караштуу жүк ташуучу Боинг учагы «Манас» аэропортуна жакын турган Дача Су айылына кулап түштү. Анын кесепетинен 35 жергиликтүү жашоочу көз жумуп, 19 үй толугу менен жарактан чыгып, жетиси жарым-жартылай урап, алардан сырткары, кошумча курулган жайлар жапа чекти. Мындай чоң учак кырсыгы Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Кырсыктын алгачкы мүнөттөрүндө эле президент А.Атамбаев жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү кызматтардын кырсык аймагында иш-аракеттерин жөндөө ишин өз көзөмөлүнө алышты. Жакындарын жоготуп, үй-жайсыз калгандарды өкмөт убактылуу турак-жай менен камсыз кылып, алардын мындан кийинки тагдыры жөнүндө чечим кабыл алып жатты. Үйлөрү жарым-жартылай урагандар үчүн курулуш материалдары берилип, турак-жайын калыбына келтирүү үчүн каражаттар бөлүндү.

Бирок, кырсык жалгыз келбейт экен. Дача Су айылынын көйгөйүн жарым-жартылай чечкен соң өкмөт башка маселени чечүүгө киришти. 29-апрель ишемби күнү 16-январдын дүйшөмбү таңындай коркунучтуу кабар менен ойготту. Саат таңкы 06:40 чамасында Ош дубанынын Өзгөн районундагы Аю айылында чоң көчкү түшүп, алты турак үйдү басып калды. Анда жашаган 24 кишинин баары көз жумду. Окуядан бир нече саат өтпөй эле премьер С.Жээнбеков кырсык болгон жерге барды. Жакында эле улуу агасын жоготконуна карабастан, бул кырсыкты жеке трагедиясы катары көргөн министрлер кабинетинин жетекчиси, жакындарын жоготкондорго келип, алардын кайгысын тең бөлүштү. Дээрлик ошол эле заматта, жапа чеккендерге каржылык көмөк көрсөтүп, жардам берүү чечими кабыл алынды.

Өзгөн районунда болгон бул жер көчкү өкмөт жана жергиликтүү бийликтер үчүн Ош жана Жалал-Абаддагы башка кырсыктарга себеп болчу кооптуу аймактарда өзгөчө кырдаал боюнча тезинен мониторинг жүргүзүү үчүн чоң түрткү болду. Кыска убакыттын ичинде элди коопсуз жерлерге көчүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, чатыр шаарчалары уюштурулуп, зарыл нерселер менен камсыздоо маселелери чечилди.

Бирок, бул окуя менен өкмөткө даярдалган сыноолор бүткөн жок. Май айынын башында, үч күндүн ичинде Ош дубанынын Чоң-Алай районунда 7 баллга жеткен жер титирөө бир канча жолу катталды.Натыйжада, бир канча айылда 610 турак-жай ар кандай даражада зыян тартты жана авариялык деп табылды, ал эми кээ бири таптакыр талкаланып калды. Материалдык зыяндын жалпы суммасы 124 млн. 840 миң сомду түздү. Өкмөт бул табигый кырсыктын кесепеттеринен кутулуу үчүн, калкка гуманитардык жардам жеткирип, аларды курулуш материалдары менен камсыздоо менен бирге насыя алгандардын маселесин чечүү үчүн кайрадан ыкчам чараларды көрүү талап кылынды.

Ошентип, шашылыш чечимдер ишке ашырылып, кырдаал толугу менен талдоого алынган соң, эгерде, кээ бир мамлекеттик органдар өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылганда, мындай маселелердин айрымдары болбойт эле деген тыянак чыгарылды.

12-майда өткөн өкмөттүк жыйында өкмөт башчысы С. Жээнбеков: «Окуялардын хронологиясын талдоо жыйынтыктары боюнча, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Өзгөн райондук жергиликтүү администрациясынын жетекчилеринин жана аткаминерлеринин шалаакылыгы мындай каргашалуу натыйжаларга алып келди» - деп ачык эле айтты.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги жана Финансы министрлигинин ишин жетишсиз деп, сынга алды. Ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жаатында иш-чараларды кынтыксыз жана өз убагында жүзөгө ашыруулары зарыл экендигин эскертти. Мындан сырткары, аты аталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жарыялады. Мындай ыкма дайыма эле боло бербейт, бирок Өкмөт башчысынын мындай популярдуу болбогон жолго барышынын себеби, аны учурдагы оор жагдай талап кылды окшойт.

Ошентсе да, бул дисциплинардык ыкма, кыязы, жетекчилердин Өкмөт башчысынан тапшырма күтпөстөн, иш-аракет кылуусуна өз таасирин тийгизген туура чара болду көрүнөт. Өкмөт башчынын мындай маанайын уккан сымал, табияттын да өлкөгө болгон мамилеси жумшара баштады.

Бирок, бул көрүнүш жапа чеккендерге жардам көрсөтүү, жашоочуларды башка жакка көчүрүү, кыйраган үйлөрдү жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштеринин Өкмөт башчысы тарабынан көзөмөлдөнбөй калды дегенге жатпайт.

Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жакында эле өткөн жыйында, С.Жээнбеков, 2017-жылдын жазында болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана ошону менен бирге социалдык объектилердин курулуш иштерин тез аранын ичинде бүтүрүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ошол эле заматта керектүү тапшырмалар берилгенин айткан.

«Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кыска убакыттын ичинде жабыр тарткан аймактардагы мектеп, ооруканаларды куруу иштерин аяктоо жана таза суу менен камсыз кылуу милдети коюлган. Сентябрь айында эле Чоң Алай районуна кыш келет, ошондуктан аба ырайы шарттарын эске алып, курулуш иштерин тездик менен аяктоо зарыл», — деп баса белгиледи, Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчысы ошондой эле, каржылоо иштери боюнча бардык маселелер чечилгенин да айта кетти.

Үстүбүздөгү жылдын июль-октябрь айларында Ош дубанында керектүү социалдык объекттер куруларын, анын ичинде Чоң-Алайда эки мектеп жана эки оорукана, Ош дубанынын Өзгөн районунда төрт мектеп жана Жалал-Абад дубанына караштуу Сузак районунда бир мектеп курулары күтүлүүдө.

Мындай маанилүү социалдык курулуштардан сырткары, өкмөт башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жабыр тарткан аймактарда үзгүлтүксүз электр жарыгын берүү; таза суу менен камсыз кылуу; социалдык маселелерди чечүү; Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жабыр тарткан аймактарга ички унаа байланышын камсыз кылуу иштерин аяктоо жана аларга талап кылынган каражаттын бөлүнүп берилиши керектигин көрсөткөн. Ошондой эле, мамлекеттик органдарга каттоо кызматкерлеринин иш-аракеттерин кылдаттык менен текшерүү, эгерде жергиликтүү тургундарга үй документтерин алууда же калыбына келтирүүдө тоскоолдук кыла турган фактылар кармалса, андай кызматкерлерге катуу чараларды колдонуу туурасында тапшырма берилди.

Ошону менен бирге, жаңы окуу жылы жакындаган сайын, жабыр тарткан аймактарда Билим берүү жана илим министрлиги окутуу процессинин үзгүлтүксүз башталышын камсыз кылуусу керектиги айтылды.

Өкмөттүн билдирүүлөрүнө караганда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыр тарткандарга карата ачылган атайы жардам эсебине Өзгөн району үчүн 25,5 млн. 489 миң сомго жакын, ал эми Чоң-Алай районуна 24, 2 млн. сом каражат топтолгон.

Бул табигый кырсыктар көп миңдеген кишинин жашоосуна терс таасирин тийгизип, бул трагедия миллиондогон адамдардын жүрөгүндө мээрим жана камкордукту ойготту. Бул окуя С.Жээнбековдун өкмөтү үчүн зор тажрыйба болуп, мүчүлүштөрдүн үстүндө көп иштөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Ошондуктан, бул жүргүзүлгөн иш-аракеттер өлкөнү башка трагедиялардан сактап калат деп ишенишибиз керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий