• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык бийчилер Азия чемпионатында күмүш жана коло медаль тагынышты

Маданият 0


Бишкек, 10-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык бийчилер 7-9-июль аралыгында өткөн WDSF-2017 Asian Championship” сынагында, тагыраагы Азия чемпионатында күмүш жана коло медаль тагынышты.

Кыргызстандык бий федерациясынан билдиришкендей, турнирде 15 мамлекеттен 25 спортчу катышкан.

Кыргызстандан барган түгөйлөр Артем Семеренко жана Валерия Качалко экинчи орунду алды. Ал эми үчүнчү орунду камсыз кылган Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей колого татыктуу болушту.

Пикир

Оставить комментарий