• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Франциянын маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Феай менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Тараптар маданий-билим берүү долбоорлорун колдоого, искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

«Бишкек шаарынын мэриясы кызматташууга даяр. Муниципалитет маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүгө ар дайым жардам берип келген жана көрсөтө берет, ошондой эле билим берүү тармагы менен кызматташууга даяр», - деп белгиледи мэрдин орун басары Виктория Мозгачева.

Жолугушуунун соңунда тараптар бул багыттар боюнча кызматташуу оң натыйжаларды берип, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий