Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы кызматташтык маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бонн шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын чет өлкөдөгү мектептик билим берүү боюнча борбордук кеңсесинин жетекчиси Хайке Толедо менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда немис тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоо жана алдыңкы педагогикалык ыкмаларды жана технологияларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Хайке Толедо ведомствонун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, немис тарап дагы Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат үчүн. Германиянын Чет өлкөлөрдөгү мектептерде билим берүү боюнча борбордук ведомствосу (ZfA) 1993-жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде немис тилин окутууга колдоо көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Келечектин өнөктөш мектептери” (PASCH) демилгесинин алкагында 6 мектепти окуу материалдары менен жабдуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана немис мугалимдерин Кыргыз Республикасындагы өнөктөш мектептерге жөнөтүү аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий