• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

3 айда салык лотереясынын катышуучулары 7 млрд сомдук чекти сканерлешти

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы башталгандан берки 3 айдын ичинде катышуучулар "Салык чек" тиркемеси аркылуу 7 млрд сомдон ашык 5,6 млн кассалык чекти сканерден өткөрүштү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, Бул мезгилде 45 миңден ашуун адам лотереяга жаңы кошулуп, бүгүнкү күндө катышуучулардын саны 283 миңден ашты.

Лотереянын катышуучуларына утушка катышуу үчүн 6,3 млн ашуун ID-номер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, кийинки утуштар 25-30-декабрда өтүп, анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп алуу, каттоодон өтүү жана товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

Кассалык чек талап кылып, баалуу байгелердин ойнотулушуна катышыңыз!

Пикир

Оставить комментарий