• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Япониянын шаарларынын өнөктөштүк мамилелерин активдештирүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бишкекте мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин саясат маселелери боюнча бюросу, эл аралык кызматташтык жана чет өлкөлүк долбоорлор бөлүмүнүн директору Нозому Минагава баштаган делегация жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Япониянын шаарларынын шаар куруу, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жаатында өнөктөштүк мамилелерин активдештирүү маселесин талкуулады.

Мирланбек Байгончоков белгилегендей, Бишкек шаарынын мэриясы борборлор ортосундагы мамилелерди прогрессивдүү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. "Биз бул маселелерди чечүү боюнча Япониянын тажрыйбасын үйрөнгүбүз келет", - деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун соңунда тараптар жемиштүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий