• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Италиянын укук коргоо тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын ыйгарым укуктуу министри, Ички иштер министринин дипломатиялык кеңешчиси Марко Виллани менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Италиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Элчи кыргыз тараптын италиялык кесиптештери менен тыгыз кызматташууга даярдыгын белгиледи. Ал коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, терроризмге каршы аракеттенүү, миграция, ошондой эле реадмиссия жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун кароону тездетүү өтүнүчүн билдирди.

Документтерге кол коюу быйыл Италияга боло турган жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө күтүлүүдө.

Өз кезегинде, ыйгарым укуктуу министр Марко Виллани Италиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстан менен өз ара аракеттенүү боюнча активдүү позициясын белгиледи. Ал эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда мыкты тажрыйбаларды жана маалыматтарды мындан ары алмашуу үчүн зарыл болгон белгиленген эки тараптуу макулдашууларга кол коюуда керектүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий