• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кыргызстан менен Катар дин чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Катар дин чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов менен Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушканда айтылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан маалымдашкандай, жолугушууда тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашып, дин чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин белгилешти.

Жыйынтыгында Азамат Юсупов менен Али Жабир Мухаммад Аль-Марри дин чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн кадамдарды жасоо тууралуу да макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий