• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстан кызматташуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрь күнү тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда алар эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу багыттары жана келечегин талкуулап, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында
кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун карашкан.

Ниязалиев Казакстандын президентинин былтыр 27-ноябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу маанилүү экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий