Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “жол картасы” 50 пункттан турат – Абдыгулов

Коом 0

Бишкек, 05.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “жол картасы” 50 пункттан турат. Бул тууралуу брифинг маалында КР делегаттарынын Казакстанга болгон сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, унаа, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

“Бардык коюлган талаптарды жана нормаларды карманган учурда текшерүүдөн өткөн товарлар ЕАЭБ мүчө болгон мамлекеттердин аймагына киргизилет”,-деп билдирди Абдыгулов.

Ошондой эле Абдыгулов кошумчалагандай, Кыргыз Републикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуусу боюнча “жол картасы” жөнүндө келишимге делегаттын башчылары тарабынан кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий