3-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сеулга расмий иш сапары менен барып, Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул Кыргызстандын мамлекет башчыларынын акыркы 11 жылдагы Кореяга болгон биринчи сапары. Кыргызстан менен Корея 1992-жылы дипломатиялык мамилелерди түзүп, тыгыз, достук байланыштарды улантып келет.
Садыр Жапаров тышкы саясатта өзүнүн принциптеринен жазбай, бардык мамлекеттер менен кызматташууну тереңдетүүгө умтулат. Таңкы Сергектик өлкөсү деп аталган Түштүк Корея Түштүк-Чыгыш континентиндеги өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Бул контекстте Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономика, соода жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуусу, бири бирине эки тараптуу кызыгуусу, эки өлкө үчүн маанилүү.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда экономика, айлана-чөйрөнү коргоо, энергетика, соода жана маданий байланыштар сыяктуу түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да тереңдөөсүнө жана өнүгүүсүнө ишеним билдирди.
Өз элинин тарыхый тегине таянып, эки элдин жакындыгын белгилеген Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун сөзүнүн мазмуну кызыктуу болду. Корей улуту этникалык жактан сары расага, түндүк монгол бутагына кирет, корей тили болсо алтай тилдер тобуна кирет. Түндүк көчмөндөрдүн маданий салттарын сиңирүүнүн негизинде, корей эли алтай элдеринин маданиятына жакын, өз алдынча маданиятын өнүктүргөн. Анын үстүнө алтайлыктар, тувалыктар жана якуттар менен генетикалык байланыштар ачылган, алар бүгүнкү күндө кыргыздар сыяктуу эле түрк элдеринин катарына кирет.
«Биздин достугубуздун негизин маданий жалпылык түзөт. Тарыхта биздин эки өлкөбүз байыркы Алтай маданиятынан таасир алган. Натыйжада корей тилинде да, кыргыз тилинде да окшош сөздөр көп. Ошол эле сүйлөм структурасы дагы окшош. Кыргыз тилинде “ата” деген сөз “ата” дегенди билдирсе, корей тилинде бул "опа"деп айтылат. Кыргыздын “апа” деген сөзүнө окшоп кетет. Биз силердей эле манты, кесме сыяктуу тамактарды жакшы көрөбүз. Бизде улууларды сыйлап, каада-салтты урматтоо жагынан да окшоштугубуз бар. Менин оюмча, биздин ар түрдүү тармактардагы тыгыз кызматташтыгыбыздын өнүгүүсү дагы ушундай окшоштугубузга таянат. Маданиятыбыз жакын болгонун эске алсак, биз экономика тармагын дагы оңой эле өнүктүрөбүз,” - деди Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль.
Маданий жалпылык менен байланышкан эки мамлекеттин ортосундагы чоң аралыкка карабастан, учурда бири-бирине болгон кызыгуу күч алууда. Ошондуктан, Юн Сок Ёлдун айтымында, Корея эл аралык коомчулук катары Кыргыз Республикасынын жаңы секириктерин кунт коюп байкап турат, анткени бүгүнкү күндө Кыргызстан Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында реформалардын жолу менен жаңы мамлекетти, жаңы коом курууда ишенимдүү алдыга бара жатат.
«Жарандарыбыздын бири-бирине болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч алууда. Корейлердин арасында Борбордук Азиянын Альпы деп аталган Кыргыз Республикасы - алар баргысы келген өлкөгө айланды. Түштүк Кореянын сериалдары Кыргызстанда популярдуу деп уктум. Корей тилин үйрөнүүгө чоң кызыгуу бар экен. Биздин элдерибиздин ортосундагы тыгыз байланыштын негизинде биз келечекке бирге кадам таштаган ишенимдүү дос жана өнөктөш болобуз. Бүгүн президент Жапаров мырза экөөбүз эки тараптуу өнөктөштүктүн потенциалын ишке ашыруу максатында мамилелерибизди Ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүк. Садыр Жапаров мырзанын Кореяга сапары биздин эки тараптуу мамилелерибиздин жаңы баскычка өтүүсүндө маанилүү этап болот», - деп Кореянын президенти Юн Сок Ёль сөзүнүн аягында билдирди.
Албетте, Түштүк Кореянын президентинин Корея жарандарынын Кыргызстанга болгон чындап кызыгуусу тууралуу сөздөрү Садыр Жапаровду кубандырбай койгон жок. Ага жооп катары: “Сиз элибиздин үрп-адаттарын изилдеп, баалаганыңызга сыймыктанам. Биз сиздердин да өлкөгө кызыгуу көрсөтүп жатабыз. Айрыкча биздин кыргыз жаштарынын корей маданиятына болгон кызыгуусу артууда. Жаштарыбыздын корей тилин активдүү үйрөнүп, корей мелодрамаларын кызыгуу менен көрүп, корей музыкалык жанрына K-pop кызыгуусун көрсөтүп жатканын көрүүгө болот».
Кыргызстан менен Түштүк Кореяны алыскы аралык гана бөлүп турбаса, эки элди маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Ошондуктан болсо керек, эк тарап бири-бирине чыныгы дос болууга умтулуусу. Бул боюнча Садыр Жапаров корей кесиптешине кайрылып сөз айтты: “Бизде жакшы сөз бар. «Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсек» деген. Ошондуктан Корей менен Кыргыз мамлекеттеринин алакасын бийик денгээлге чыгарып, биз достошуп жана кызматташышыбыз керек. Кыргызстан менен Корея ортосунда ынтымак бекемдей берсин.”
Мындан беш жыл мурун Чүй облусунун Шопоков шаарында Король Седжон атындагы Кыргыз-Корея институту ачылып, анда алгач 50 гана студент билим алган. Учурда бул окуу жайда 600 студент билим алууда. Кыргыз-корей институту Кореянын Маданият министрлигинин колдоосу менен атайын программанын негизинде студенттерге корей тилин үйрөтөт. Бул окуу жайдын директору Сон Квон Сук айым корейлер менен кыргыздардын тили, маданияттары гана эмес, башка окшоштуктары да бар дейт.
«Биздин сырткы келбетибиз да абдан окшош. Биз бул жерде өзүбүздү үйдөгүдөй жана кыргыздарга жакын туугандай сезебиз. Бизге бул жерде дайыма жылуу мамиле жасашат. Кыргызстанда корей маданиятын жактырган жаштардын саны көбөйүп жатканы бизди кубандырат. Корей тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны да көбөйүүдө. Кореяда да Кыргызстанга болгон кызыгуу абдан чоң. Кыргызстандын кооз жаратылышынын арасында биз өзүбүздү кыргыздардай эле сезебиз”,-дейт Сон Квон Сук.
Түштүк Корея өз убагында кыргыз эмгек мигранттарын кабыл алган. Кыргыздар кореялык ири жана чакан ишканалардын жумушчу күчү катары өз ордун татыктуу ээлеген. Көпчүлүгү дагы деле Түштүк Кореяда ийгиликтүү иштеп жатышат. Айтмакчы, ал жакта кыргызстандык иш билги мигранттарга суроо-талап көп. Ал эми, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түштүк Кореянын көптөгөн жарандары жашайт. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында студенттер окушат. Кыргызстан түштүк кореялыктар үчүн эң мыкты саякат жана эс алуу багыттарынын бири болуп калган.
Кыргызстандын президентинин Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары да чыңдоого негиз болуп, чындыгында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер жаңы – достук жана жаратмандык баскычка чыгат деген ишеним чоң.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий