Кыргызстан менен Кытай "Бедел" пунктун ачуу боюнча дипноталар менен алмашты

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь "Бедел" эл аралык өткөрүү пунктун ачуу тууралуу кошумча макулдашууну түзгөн дипломатиялык ноталар менен алмашуу процедурасын өткөрүштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ведомстводон билдиришкендей, дипломатиялык ноталар Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара бекеттерин ачуу жана алардын режими жөнүндө 1996-жылдын 6-сентябрындагы макулдашууга кошумча макулдашууну түзөт.

"Бедел" (Кыргыз Республикасы) – "Бедел" (Кытай Эл Республикасы) эл аралык өткөрүү пунктунун ачылышы Кыргызстан, Кытай, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын, жүктөрүн жана транспорт каражаттарын чек ара аркылуу өткөрүү үчүн шарттарды түзүп, өлкөбүздүн транспорттук-экспорттук потенциалын жогорулатууга, өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин чыңдоого, ошондой эле туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Мындан тышкары, бул жаңы кошумча транспорттук коридор өлкөнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, анын ичинде Кытайдан Кыргызстанга товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга оң таасирин тийгизери шексиз.

Пикир

Оставить комментарий