• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Инженердик түйүндөрдү оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, 3-майдан тарта К.Акиев жана Ж.Турусбеков көчөлөрү жабылды.

К.Акиев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Чокморовго чейин жабык. Оңдоо иштерин «Азиястройкомплекс" ЖЧКсы жана "Кайнар" ЖАК жүргүзүүдө. Инженердик түйүндөрдү оңдоо иштери аяктаган соң, К.Акиев көчөсү кытай грантынын эсебинен оңдолот. Унаа кыймылын аталган көчөлөрдө чектөө 2017-жылдын июнуна чейин, оңдоо иштери бүткөнчө уланат.

Ошондой эле, жылуулук түйүндөрүн оңдоого байланыштуу Турусбеков көчөсү Абдумомунов көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин жабылат. Оңдоо иштери майдын аягында аяктайт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тыгындарга жол бербөө үчүн жарандарды альтернативдик жолдорду тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий