Иркутсктагы кыргыз жана тажик мигранттарынын мушташы. Милиция окуяны иликтөөдө

Коом 0


Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны ар кандай оордуктагы жаракат алышканы, алардын бири ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Элчиликтин Иркутсктагы бөлүмүнүн консулу КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук-коргоо органдары менен жолугушуу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Белгиленгендей, аталган маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий