• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк кайрадан Евразиялык Сактыкбанкында алты айга убактылуу администрация атайын режимин киргизди

Экономика 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. КР Улуттук банкы кайрадан "Евразиялык Сактык Банкы" ААКсында алты айга убактылуу администрация атайын режимин киргизди.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, 2023-жылдын 21-июнунда Улуттук банк башкармасы тарабынан "Евразиялык Сактык Банкы" ААКсында 2023-жылдын 23-июнунан тартып Убактылуу администрация атайын режими токтотулгандыгы тууралуу чечим кабыл алынган.

Ошондой эле 21-июнда Улуттук банк башкармасы тарабынан "Евразиялык Сактык Банкы" ААКсында 2023-жылдын 23-июнунан тартып алты айлык мөөнөткө Убактылуу администрация атайын режими киргизилгендиги тууралуу токтом кабыл алынган.

"Евразиялык Сактык Банкы" ААКсынын убактылуу администратору болуп Алыбаев Таалайбек Орунбаевич дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий