КР менен Кытай биргелешип жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча талаа иштерин баштады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеринде ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошентип, жумушчу топ «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой эле чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Мындан тышкары, Барскоон – Учтурфан – Аксуу автожолунун курулушунун маршруту жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы менен Кытай төрагасы Си Цзиньпин, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жаңы дарбазасы жана кызматташтык көпүрөсү болуу максатында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жаңы “Бедел” өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий