Кыргызстан менен Кытай чек арадагы соода-сатык мамилелерин өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Саясат 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КЭР Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Цинь Ган менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 26-апрелде «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин 4-жолугушуусуна катышуунун алкагында Сиань шаарында өткөн.

Тараптар саясий диалогду мындан ары бекемдөө, саясий-экономикалык кызматташтыкты жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү контекстинде кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министр Кулубаев «Бир алкак – бир жол» долбоорунун маанилүү чынжырчасы боло турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практика жүзүндө ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү перспективаларынын негизинде «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун, ошондой эле чек ара соода-сатык мамилелерин жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, текстиль жана тигүү өнөр жайы, энергетика жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар экени айтылды. Кыргызстан үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон, инфраструктуралык мүнөздөгү гранттык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү зарыл экендиги белгиленди.

Мындан тышкары, жарандардын эки өлкөгө өз ара баруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

КЭР Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Цинь Ган өз кезегинде кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө жогору баа берди.

Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 2030-жылга чейинки орто жана узак мөөнөттүү соода-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ролун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КЭР тышкы саясат ведомствосунун башчысы ошондой эле практикалык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта кыргыз айыл-чарба продукциясынын Кытайга импорттолушун кубаттап, кыргыз тараптын чек арадагы соода-сатык мамилелерин өнүктүрүү, инфраструктуралык шарттарды түзүү жана логистикалык борборлорду куруу боюнча сунуштарын колдоого алды. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун тездетүү, ошондой эле Кыргызстанда транспорт, саламаттык сактоо, ирригация жаатында инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу иштери маанилүү экенин белгиледи.

Тараптар ошондой эле ШКУнун жана «Бир алкак – бир жол» долбоорун биргеликте куруунун, регионалдык жана глобалдык күн тартибинин маанилүү маселелеринин алкагында кызматташуу боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий