• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Максутов Кытайда Азиядагы маданий мурастарды сактоо боюнча жыйынга катышты

Маданият 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Сиань шаарында Кытайдын маданият жана туризм министринин орун басары Ли Цзюндун төрагалыгы астында Азиядагы маданий мурастарды сактоо боюнча Альянстын жыйынына катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө тараптар Альянстын демилгечисинин укугунда бүгүнкү күнгө чейин жетишилген иштердин жыйынтыктары жөнүндө кытай тараптын отчетун угушту. Ошондой эле 2023-2024-жылдарга Устав жана иш планы кабыл алынып, Альянстын башкы катчысы шайланды.

Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий мурас жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Тарыхый-маданий мурас ар бир өлкөнүн улуттук маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, натыйжалуу пайдаланылса, бул тармак туризм тармагын өнүктүрүүнүн башкы ресурсу болуп калышы мүмкүн", - деди министр.

Максутов биргелешкен иштин аркасында маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу потенциалын жогорулатууга мүмкүн болорун баса белгилеп, Ассамблеянын иши Азия өлкөлөрүнүн маданий турмушунда татыктуу орун алып, жаңы маанилүү эл аралык илимий жана маданий жетишкендиктерди ачууга өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий