• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Кытайдын илимий-изилдөө жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын элчиси Актилек Мусаева Кытай коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун директору Сунь Чжуанчжи менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулап, илимий-изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошону менен бирге элчи Актилек Мусаева кыргыз-кытай мамилелеринин бардык спектрин мындан ары бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө, ошондой эле эл аралык мамилелерде, аймактык жана глобалдык коопсуздукка, эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан чөйрөлөрдө изилдөөлөрдү даярдоодо жана жүргүзүүдө илимий-изилдөө борборлорунун ролу маанилүү деп белгиледи.

Тараптар ошондой эле тыгыз кызматташууну улантууга жана эки өлкөнүн илимий-изилдөө борборлору жана институттары боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүнү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруунун үстүндө жигердүү иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий