Кыргызстан менен Кытайдын курулуш тармагындагы кызматташтыгы бекемделүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын курулуш тармагындагы кызматташтыгы бекемделүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Тиешелүү маселелер Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун өкмөтүнүн аппаратынын Турак жай курулуш, шаар жана айыл аймактарын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сун Яцзюнь жана бир катар департаменттердин, компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусунда талкууланды.

Белгиленгендей, тараптардын жолугушуусу Үрүмчү шаарында өткөн "Кытай-Евразия ЭКСПО" 8-эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш стандарттары, өзгөчө жер титирөөгө туруктуу курулуш стандарттары жаатында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар көп кабаттуу турак-жай жана коомдук имараттардын, ошондой эле социалдык объектилердин типтүү долбоорлорун изилдеп, кабыл алууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий