• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, анда эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттешүүнүн күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланып, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министрдин орун басары Молдогазиев кытай тарапты Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) төрагалык кылуунун кабыл алынышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Кытай ШКУнун алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелери боюнча бирдей түшүнүккө ээ экендигин белгиледи жана ийгиликтүү төрагалык каалады.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвень Кытайдын ШКУда 2024-2025-жылдары төрагалыгынын алкагындагы артыкчылыктар жана иш-чаралар жөнүндө маалымат берип, кыргыз тарапты аларга активдүү катышууну чакырды.

Тараптар ошондой эле алдыдагы өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды жана иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий