• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулубаев иш сапары менен Кыргызстанга келген Принцесса Зара Ага Хан менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-июнда Бишкекте Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен кыргызстанга келген Принцесса Зара Ага Хан менен жолугушту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Принцесса Зара Ага Хан Кыргызстанга Нарын шаарында жайгашкан Борбордук Азия университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү аземине катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун (AKDN) ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин жана уюм тарабынан өлкөдө социалдык-экономикалык, билим берүү жана маданият тармагында ишке ашырылып жаткан долбоордук ишмердикти талкуулашты. Жолугушууда Уюм тарабынан өлкөнүн тоолуу аймактарына колдоо көрсөтүү жаатында Кыргызстандын AKDN менен өнөктөштүгүн тереңдетүү маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Кулубаев Уюмдун Кыргызстандагы өлкө үчүн маанилүү чөйрөлөрдөгү жигердүү иши жана ишмердүүлүгү мультипликативдик эффект берип, Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгүнө жеке колдоо көрсөткөндүгү үчүн Принцесса Зарага ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Принцесса Зара AKDNдин Кыргызстандагы долбоордук ишмердигинин алкагында тараптардын эки тараптуу кызматташтыгын жогору баалап, Уюм ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык реформаларды илгерилетүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий