• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Малайзиянын ажылык сапарды уюштуруу жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Күн мурун Куала-Лумпурда Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков Малайзиянын дүйнөгө белгилүү “Табунг Хажи” ажылык фондунун башкы директору Сайед Хамада Сайед Отман менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда ислам каржылоо принциптерине жооп берген ажылык сапарга чыгуу үчүн калктын аманаттарын башкаруу ажылык квоталарын бөлүштүрүү, ажылык сапарды уюштуруу жана зыяратчыларга көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан үчүн ажылык сапарды уюштуруу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча атайын окуу программаларын уюштуруу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Маалымат үчүн: “Табунг Хажи” – ислам каржылоо принциптерине ылайык мусулмандардын аманаттарын башкаруу, ажылык үчүн үнөмдөөнү жана ажылык сапарды уюштуруу боюнча калкка комплекстүү кызматтарды көрсөткөн дүйнөдөгү жападан жалгыз мамлекеттик уюм болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий