• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Малайзиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Ильхам Туа Бин Иллиас менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар STEM предметтери боюнча мугалимдерди англис тилине окутуу, кыргыз студенттеринин Малайзиянын университеттеринде билим алуусу үчүн бөлүнгөн квотанын санын көбөйтүү, Малайзиянын жогорку окуу жайынын филиалын Кыргызстанда ачуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Ильхам Туа бин Иллиас Малайзиянын ЖОЖдорунун көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Малайзиянын билим берүү программалары жана маданияты менен таанышуу үчүн борборлорду ачуу боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий