• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Эки жумада 1-класска 47 миң 491 бала кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу ушул жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 47 миң 491 бала кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, анын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Бишкек шаарында – 4 миң 819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.
Жалал-Абад облусунда – 9 миң 144 бала (анын 79у жеңилдик менен)
Чүй облусунда – 6 миң 316 бала (анын 90у жеңилдик менен)
Ош облусунда – 9 миң 336 бала (анын 83ү жеңилдик менен)
Ысык-Көл облусунда – 5 миң 144 бала (анын 28и жеңилдик менен)
Баткен облусунда – 5 миң 952 бала (анын 82си жеңилдик менен)
Талас облусунда – 2 миң 736 бала (анын 48и жеңилдик менен)
Нарын облусунда – 3 миң 181 бала (анын 30у жеңилдик менен)
Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен)

Башкача айтканда, катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:

Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 23%,
Ысык-Көл облусунда – 35%,
Баткен облусунда – 35%,
Талас облусунда – 37%,
Чүй облусунда – 21%,
Жалал-Абад облусунда – 25%,
Нарын облусунда – 41%,
Ош облусунда – 23%,
Ош шаарынын – 8%.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар болсо катталууга болот.

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт.

Пикир

Оставить комментарий