• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Иманалиев GIZ`дин өкүлдөрү менен кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселесин талкуулады

Билим 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. 24-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Германиянын Кыргызстандагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү менен кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга GIZ`дин өлкөлүк директору Виктор Ветцель, “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” долбоорунун жетекчиси Соня Каббаши-Анджелкович, “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси Толгонай Кудайбергенова жана долбоордун кызматкерлери катышты.

Министр Иманалиев GIZ кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүү өнөктөштөрдүн бири экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар дуалдык окутууну киргизүү маселелерин талкуулашып, билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлор аркылуу кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Белгилей кетсек, GIZ Кыргызстандын аймагында 1992-жылдан бери иштеп келет жана ошондой эле экономиканы өнүктүрүү, жерди туруктуу пайдалануу, трансчек аралык суу ресурстарын башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий