• 87.86
  • 93.94
  • 1

Штефан Таркович — Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу

Спорт 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болуп Словакиядан келген адис Штефан Таркович дайындалды. Мындай чечим бүгүн Кыргыз футбол бирикмесинин аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

Улуттук кураманын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары Штефан Таркович төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ:

  • “Bangkok Cup” Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;
  • ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;
  • Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.
  • Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:
  • ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.
  • УЕФАнын аналитиги болгон.

КФСдан кошумчалашкандай, башкы машыктыруучу кызматына 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалган. Жыйынтыгында КФС Аткаруу комитетинин чечими менен Штефан Таркович башкы машыктыруучу болуп бекитилген.

Белгилей кетсек, улуттук кураманын буга чейинки машыктыруучусу Александр Крестинин ушул жылдын 3-апрелинде кызматын тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий