• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Универсиадада ОшМУнун волейболчулары чемпион болду

Спорт 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөн республикалык универсиадада волейбол боюнча мелдеште Ош мамлекеттик университетинин эркектер командасы биринчи орунду багындырды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, команданын машыктыруучусу Алмаз Атабаевдин жетекчилиги астында волейболчулар тайпалык деңгээлде да, финалда да бардык оюндарда ишенимдүү артыкчылык менен жеңишке жетти.

Универсиадада волейбол боюнча мелдешке жалпысынан 27 студенттик команда катышты.

Универсиада 3-апрелден 20-апрелге чейин спорттун 17 түрү боюнча өттү. Мыкты командалар 2023-жылы өтүүчү Дүйнөлүк универсиадага катышуу үчүн тандалып алынат.

Пикир

Оставить комментарий