• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстан менен Малайзиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Жогорку билим берүү министрлигине караштуу Education Malaysia Global Services агенттигинин башкы директору Нови Тажудиндин менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, агенттиктин негизги милдети Малайзиянын жогорку окуу жайларын дүйнө жүзүндөгү эл аралык студенттердин арасында жайылтуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты жана бул жаатта эки тараптуу мамилелерди активдештирүү динамикасы өзгөчө белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагында, өзгөчө Кыргызстандын таланттуу студенттерине жеңилдетилген шарттарды түзүү жана биздин жарандар үчүн студенттик визаларды алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатында активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий