• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Монголиянын мамлекеттик банктарынын ортосунда кызматташтык түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. "Элдик Банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Токторбаев жана башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова Монголиянын ири банктарында жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу банктан билдиришти.

Аталган иш сапардын алкагында Монголиянын Khan Bank, Trade and Development Bank of Mongolia жана XACBANK үч каржы институтунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар "Элдик Банк" Монголиядагы эл аралык каржылоо жана соода иштеринде орчундуу орунду ээлеген Trade and Development Bank of Mongolia (TDB) банкы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Талкуунун жүрүшүндө TDB өкүлдөрү Жашыл Климат фонду менен ийгиликтүү кызматташуу, анын ичинде, аккредитациялоо процедуралары, туруктуу өнүгүү талаптарын аткаруу жана экологиялык стандарттарды бизнес-процесстерге интеграциялоо тажрыйбасы менен бөлүштү.

Өз кезегинде "Элдик Банк" менен ХасБанктын ортосундагы эки тараптуу жолугушууда жашыл каржылоо долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. "Элдик Банк" менен Khan Bank, XACBANK жана Trade and Development Bank of Mongolia ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келечекте узак мөөнөттүү кызматташууга жетишүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий