• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан менен Монголиянын салык тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын Башкы салык башкармалыгынын төрагасы Чойгунсэн Чимидсурэн менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар салык тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүнү, атап айтканда, натыйжалуу салыктык башкарууну ишке киргизүү максатында алдыңкы технологияларды, электрондук кызматтарды жана платформаларды киргизүүнү талкуулашты.

Айбек Артыкбаев Кыргызстан Монголиянын салык тармагын санариптештирүү жана салыктык жөнгө салууну жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбасын жана билимин үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Чойгунсэн Чимидсурэн монгол тараптын салык тармагында Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, жакынкы келечекте өз ара кызматташуунун негизги багыттарын аныктоону сунуштады.

Ошондой эле Чойгунсэн Чимидсурэн келерки жылы Кыргызстан менен Монголиянын салык кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде өз ара иш сапарларын уюштуруу сунушун колдоду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий