Кыргызстан менен Пакистан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Ден соолук 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун, мисалы, медициналык жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты жана фармацевтика тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле, элчи Хасан Али Зайгам Алымкадыр Бейшеналиевди ушул жылдын декабрында Пакистанда өтчү саламаттык сактоо боюнча саммитке катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты

Пикир

Оставить комментарий