• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Пакистан жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Экономика 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Лахор шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын текстилдик ишканалар бирикмесинин жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстил тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Пакистан тарап Кыргызстандан пахта затын экспорттоого кызыкдарлыгын билдирди.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түздөн-түз байланыштарды түзүүгө даяр экендигин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий