Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кечээ Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курама командаларынын беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Жолдоштук беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо өттү.
Оюндун жүрүшүндө алгачкы голдун биринчи таймдын 31-мүнөтүндө Турсунаалы Рустамов киргизген.
Биринчи тайм 1:0 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына аяктады.
Экинчи таймдын башында атаандаштардын дарбазасына экинчи голду Бекжан Сагынбаев киргизген. Андан соң палестиналыктар кыргыз футболчуларынын дарбазасына гол киргизип, кийин пенальти тээп, эсепти 2:2 кылышкан.
Пикир
Оставить комментарий