• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия Кубогу: Кыргызстан 3:1 эсебинде Филиппинди жеңип, 1/8 финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Азия кубогунун 3-турунда Кыргызстан менен Филиппиндин курама командалары оюн өткөрдү. “Ак шумкар” командасы 3:1 эсебинде Филиппинди артта калтырды.

Оюндун 24-мүнөтүндө Исраиловдун чыгарып берген тобун чабуулчу Люкс дарбазанын бурчуна киргизип эсепти ачты.

2-таймдын 51-мүнөтүндө Сагынбаевдин айып аянтчасына чыгарган тобун кайрадан Виталий Люкс голго айлантты. 77-мүнөтүндө айып аянтчасынан Виталий Люкс тээп эсепти 3:0гө өзгөрттү. 80-мүнөтүндө филиппиндик Шрёк өз командасына гол алып келгенге жетишти.

С тайпасында орун алган Кыргызстандын командасы Кытайлар менен ойногондо 2:1 эсебинде утулуп калган.

2-турунда “Ак шумкарлар” Түштүк Кореянын курама командасы менен беттешкен. Ал оюнда 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кубоктун кийинки этабына өткөн 12 команданын аттары белгилүү, алар: Иордания, Австралия, БАЭ, Таиланд, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Ирак, Катар, Сауд Аравия, Өзбекстан жана Япония.

Пикир

Оставить комментарий