• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстан менен Россия биргелешкен индустриалдык парк түзөт

Экономика 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Россиянын "Химград" технополис" ААКтын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, меморандум Ысык-Көл облусунда өткөн кыргыз-орус форумунун алкагында түзүлдү.

Меморандумдун максаты – Кыргызстандын аймагында өндүрүштү локализациялоого арналган биргелешкен кыргыз-орус индустриалдык же технологиялык паркты түзүү жана өнүктүрүү үчүн тараптардын өз ара кызматташуусун камсыз кылуу.

Меморандумдун алкагында төмөнкү маселелерди иштеп чыгуу пландаштырылууда:

  • Кыргыз-Орус индустриалдык паркты түзүүнүн бирдиктүү ыкмасын жана жалпы принциптерин иштеп чыгуу;
  • Кыргызстандын индустриалдык парктарында иштөө үчүн негизги артыкчылыктуу өнөр жай тармактарын аныктоо;
  • индустриалдык же технологиялык паркты жайгаштыруу үчүн аянтты тандоо;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында индустриалдык же технологиялык паркты түзүү үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин иштеп чыгуу;
  • индустриалдык же технологиялык паркка жайгаштыруу үчүн резиденттерди издөө жана тартуу;
  • индустриалдык же технологиялык парк объекттерин долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди уюштуруу;
  • индустриалдык же технологиялык парктын ишин башкаруу боюнча иштерди уюштуруу.

Ошондой эле "Химград" ААК Россияда жана башка өлкөлөрдө индустриалдык же технологиялык парктарды түзүү жана өнүктүрүү жаатындагы компетенцияларды эске алуу менен индустриалдык же технологиялык паркты түзүү долбоорун иштеп чыгууда КР Экономика жана коммерция министрлигине методологиялык жана практикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий