• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жогорулатылды

Экономика 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом Улуттук банк Башкармасы тарабынан 15-мартта кабыл алынган.

.Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленген:

- 2023-жылдын 1-апрелинен тартып – 600 млн сом;
- 2024-жылдын 1-июлунан тартып – 800 млн сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 1 млрд сом.

Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд сом өлчөмүндө белгиленди.

Буга чейин коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 600 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий